Чүй электр тармактар ишканасында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү
Опубликовано: 13 марта 2023

Бүгүн, 13-мартта Чүй электр тармактар ишканасынын актовый залында "Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын директорлор кеңеши катышкан жыйын болуп өттү.

Жыйынга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын директорлор кеңешинин  толук курамы КУЭТтин башкы дирекциянын мүчөлөрү, Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, кызматтардын жана РЭТ жетекчилери катышты.

Алгач сөздү директорлор кеңешинин төрагасы Рыспаев Кожобек Жайчыбекович алып, керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун маанилүүлүгүн айтып, келе жаткан 2023-2024-жылкы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жакшы даярдык көрүү зарыл экендигин баса белгилеп, керектүү материалдар менен өз убагында камсыз кылуу маселелерине токтолду. Андан тышкары авариялык өчүрүүлөргө өзгөчө көңүл буруп, калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү зарыл экендигин кошумчалады.

Андан ары Чүй электр тармактар ишканасынын директору Астаркулов Улан Болотбековичке сөз берилип, ишкананын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жана 2023-жылга карата пландары боюнча баяндама жасалды.

Директор Астаркуловдун баяндамасынан кийин директорлор кеңешинин мүчөлөрү РЭТ жетекчилеринен алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы, быйылкы жылдагы бюджети, РЭТтердин техникалык камсыздоосу боюнча маалымат алышып, жыйын суроо-жооп түрүндө уланды.

Чогулуштун жыйынтыгында директорлор кеңешинин төрагасы Рыспаев Кожобек Жайчыбекович Чүй электр тармактар ишканасынын эмгек жамаатына алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык ишине ийгилик каалап, даярдыкты сапаттуу көрүүнү, жогоруда айтылган керек болгон керектүү материалдар менен камсыздоону КУЭТ жетекчилине тапшырды.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Новости

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.