Чүй электр тармактар ишканасы бардык кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт!
Опубликовано: 03 марта 2023
Бүгүн мамлекеттик - Туу күнү! 
Чүй электр тармактар ишканасы бардык кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн символу болгон – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнүн 31 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.
Кыргыз мамлекетинин туусу 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген.
Мамлекеттик туу - бай тарыхы бар эгемендүү кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат.
Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун. Ар бир “мен кыргызмын”- деген жараныбыздын жүрөгүндө мекенге болгон сүйүү, патриоттук сезим жашасын! Кызыл туубуз ар дайым көктө желбиреп турсун.
Туунун авторлору:
 Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.
Поделиться материалом
Другие материалы в категории Новости

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.