Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй облусундагы көмөкчордондорду текшерди
Опубликовано: 29 января 2023
 Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 2023-жылдын 29-январында Чүй электр тармактар ишканасынын "Кемин", "Быстровка" жана "БГЭС" көмөкчордондорунун күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүсү үчүн учурдагы иштөө абалын текшерди.
Текшерүү учурунда бардык көмөкчордондордун ыкчам бригадасы жумуш ордунда экендигине, кампаларда авариялык запас бар экендигине күбө болду.
Мындан тышкары министр калкты күз- кыш мезгилинде жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн авариялык өчүрүүгө жол бербөө максатында алдын алуу иштерин жүргүзүп туруу зарыл экенин эскертип, тиешелүү адистерге тапшырма берди.
Эскерте кетсек, министрдин тапшырмасы менен энергетиктер эс алуусуз, кезметтешүү менен 24 саат бою иштөөдө.
 
Поделиться материалом
Другие материалы в категории Новости

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.