Чүй баяны 21-сентябрь, 2018-жыл. Чүй баяны 21-сентябрь, 2018-жыл. "Северэлектро" ААКсы кышка даярдык көрүү үчүн алгылыктуу иштерди аткарды
Опубликовано: 21 сентября 2018

Саналган күндөрдөн кийин кычыраган суук айлары башталат. Адам баласынын жашоосу тыгыз байланышкандыктан, бардык кыймылды жарыксыз элестетүү кыйын. Ошондуктан күз-кыш мезгилине карата көрүлгөн даярдык тууралуу "Северэлектро" ААКнын башкы директору Искендер Кадыркуловго кайрылдык.

«Северэлектро» ААК- Кыргыз Республикасындагы алдыңкы энергия камсыздоочу   уюм жана өзүн өзү актоо принцибинде Кыргызстанда ички рынок үчүн иштелип чыккан электр энергиянын 50% ашыгын бөлүштүрүү жана сатууну ишке ашырып, Чүй, Талас  облустарынын, Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан чыңалуусу 35-10-6-0,4 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарын оперативдүү  тейлөөнү жүргүзөт.

Акционердик коомдун карамагына

6/10 кВ чыңалуусундагы 9 миң 106 трансформатордук көмөкчордондор,

35 кВ чыңалуусундагы126 жогорку вольттогу көмөкчордондор,

2,1 миң чакырым кабель чубалгылары,

20 миң чакырымга жакын аба электр чубалгылары карайт.

Аба, кабелдик, жогорку жана төмөнкү вольттуу электр тармактарын, энергетика жабдууларын  тейлөөнү, ошондой эле электр энергияны сатып алуу, бөлүштүрүү, сатуу ишмердигин 20  аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзөт. “Северэлектро” ААКнын  курамында 17 райондук электр тармак (РЭТ) бар. Акционердик коом 570 мин жеке жана  юридикалык жактарды тейлейт

- Энергетиктердин айтымында, кышкы жүктөмдүн жогорку чегин ийгиликтүү өтүү электр тармактардагы жабдуулардын ишенимдүү иштеши менен аныкталат. Буга байланыштуу «Северэлектро» ААКнын тармактарынын күз-кыш мезгилине көрулгөн даярдыгы тууралуу сурагым келип жатат.

Албетте, керектөөнүн мезгилдеп өсүшү электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүнө жана тейлөө сапатына таасирин тийгизет.  Жылына «Северэлектро» ААК боюнча электр энергияны керектөө орточо эсеп менен 3-5 % өсүүдө. «Северэлектро» ААК боюнча электр энергияны керектөөнүн туу чокусу 2018-жылдын 29-январында катталган, анда керектөөчүлөр сутка ичинде 37 млн. кВт.саат электр энергиясын колдонушкан. Жылдан-жылга калктын электр энергияны керектөөсү өсүүдө. Бүгүнкү күндө ал жалпы электр энергиянын керектелишинин 62,7% түзүүдө.

«Северэлектро» ААКда энергообъекттерди кыш мезгилине даярдоо боюнча иштер соңуна чыгып калды. Суук маалында керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергия менен камсыздаш үчүн, энергетиктер учурда жогорку вольттогу көмөкчордондордун күч трансформаторлорун кубаттуулугун жогорулатуу жолу менен жүктөмдөрүн бөлүштүрүүдө. Ал үчүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыш мезгилинде ашыкча жүктөм менен иштеп келген жогорку вольттогу “Сельэлектро-2” көмөкчордонунун күч трансформатору кубатуулугу жогорурагына алмаштырылган. Көрүлгөн чаралар Аламудун айылынын, Гидростроитель шаарчасынын, борбор калаадагы «Энесай» конушунун электр камсыздоосун жакшыртат.

Мындан сырткары, жакында Бишкек шаарындагы «Тунгуч», Чүй облусунун Аламудун районундагы “Стрельниковой”, Ысык-Ата районундагы “Люкс” жогорку вольттогу көмөкчордондордун аз кубаттуулуктагы күч трансформаторлору кубаттуулугу жогорурагына алмаштырылды.  Көрүлгөн чаралар Бишкек шаарындагы “Тунгуч” кичирайонунун, «Рухий Мурас» конушунун; Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы «Кырман» жана 44ГА конуштарынын, Горная Маевка, Кызыл Берлик, Прохладное, Татыр, Чункурчак айылдарынын; Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын жана Люксембург айылынын ишенимдүү электр камсыздоосуна алып келет.

Трансформаторду монтаждоо жана чогултуу иштерин «Северэлектро» ААК кызматкерлери башка мекемелерди ортого салбастан өздөрү жүргүзүүдө. Эске салсак, мурда ишке кайра киргизилген жогорку вольттогу көмөкчордондун жабдууларын монтаждоо жана орнотуу иштерин атайын адистештирилген:  “Кыргызэлектросетьстрой” мекемеси,  «Кырзызэнергоремонт», «Союзавтоматика» өндүрүштүк-оңдоо  мекемелери жасап келген.

Айта кетчү нерсе, акыркы эки жылдын ичинде Бишкек шаарындагы жана Чүй, Талас облустарындагы 35/10 кВ жогорку вольттогу көмөкчордондорунун кубаттуулуктары күч трансформаторлорду алмаштыруунун негизинде 73,5 мегавольт-амперге жогорулаган.

Жогорку вольттогу көмөкчордондорунун күч трансформаторлорун алмаштыруудан сырткары, биз Бишкек шаарына, Чүй жана Талас облустарына 33 кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орноттук

(Чүй облусуна-22, Талас облусуна-10 жана Бишкек шаарына-1);

34 чакырымдан ашуун кабель чубалгыларын алмаштырдык,

55 чакырымдан ашуун аба электр чубалгыларын реконструкцияладык,

өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 77 чакырымдан ашуун 0,4 кВ аба чубалгыларын курдук.

Учурда бул жана башка максаттарга каралган капиталдык салымдын көлөмү 253,14 млн.сомду түздү.

Айтмакчы, компания 2012-2017-ж.ж. аралыгында Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 962 чакырымын реконструкциялады, анын натыйжасында авариялык өчүрүүлөр кескин азайды. Бүгүн былтыркы жылдын ушул эле мезгилине  салыштырмалуу авариялардын саны 21% төмөндөгөн. Көп учурда авариялык өчүрүүлөргө табигый кубулуштар себеп болот. Бирок маселе анда дагы эмес. Тармактар учурдагы жүктөмгө туруштук бере албагандыктан, жаңыланууга жана  реконструкцияга муктаж. Жаңы чубалгыларды жана көмөкчордондорду курууга каржы салынбаса, ошондой эле, иштеп жаткандарды реконструкциялоодо жаңы технолигиялар колдонулбаса, электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулата албайбыз.

Кыш мезгилинде учурап калуучу авариялык жагдайларды алдына алыш үчүн, биздин адистер энергияны үнөмдөөчү технологияларга өзгөчө көңүл бурушат: ал энергиянын жоготууларын басымдуу бөлүгүн төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берген изоляцияланган материалдарды колдонуу жана жөнгө салуучу приборлорду орнотуу.

Бирок электр энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлугү жабдуунун үзгүлтүксүз иштөөсүнөн гана көз каранды эмес. Аба чубалгы трассаларынын абалы дагы көп мааниге ээ. Себеби, көп учурда чубалгыга кулаган бак-дарактын бутактары өчүрүүлөргө алып келет.  Оңдоо иш-чараларынын жүрүшүндө өндүрүш кызматтары 1151 чакырым аба электр  чубалгы трассаларын бутактардан тазалашты.

Кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин журүшүндө биз бугүнкү күнгө 82 млн. сомдон ашуун каржыга жабдууларды оңдодук:

929 комплекттик трансформатордук көмөкчордондор,

34 жогорку вольттогу көмөкчордондор,

1582 чакырымдан ашуун аба электр берүүчу чубалгылары ондолду.

 

- Сиз жабдууларды, электр тармактарды реконструкциялоо маселесин көтөрдүнүз.  Учурда компания кайсыл инвестдолбоорлордүн үстүндө иштөөдө?

- «Северэлектро» ААК электр энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу  жана эсеп берүүнү жакшыртуу боюнча инвестициялык Долбоорду ишке ашырууда. Аталган долбоор «Северэлектро» ААК ишке ашырып жаткан KfW  Германия өнүгүү банкынын каржылоосундагы “Электр бөлүштүрүү тармактардын эфективдүүлүгүн жогорулатуу” жана “Бишкек шаарынынжеке тармактарын чыңдоо” инвестдолбоорлордун табигый уландысы болуп саналат. Электр камсыздоонун эсеп берүүсүн жакшыртуу жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоору «Северэлектро» ААК тейлеген Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында электр камсыздоосунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле акционердик коомдун ишмердүүлүгүн башкаруу операциясын мыктылоого багытталган.

Долбоорго Дүйнөлүк банк тараптан 25 млн.АКШ доллары бөлүнгөн жана ал долбоор 2016-2019- ж.ж. ишке ашырылат. Артыкчылык инвестициялардын жардамы менен бөлүштүрүү тармактарындагы жоготууларды төмөндөтүүнү жана электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууну көздөгөн долбоордун компоненттеринин бири “Инфраструктураны инвестициялоо” Чүй облусундагы ири өндүрүш абоненттер үчүн өлчөөчү жабдууну инвестициялоону жана Бишкек шаарындагы үч жогорку вольттогу жаңы көмөкчордондордун курулушун камтыйт.  Эки  35/10 кВ  чыңалуусундагы көмөкчордондорду биз Бишкек шаарынын борбор бөлүгүндө жана 3-кичирайонунда курдук. Ал эми үчүнчү 110/35/6 (10) кВ чыңалуусундагы жогорку вольттогу «Бишкек»  көмөкчордону Т.Айтматов/Салиева, Саратовская көчөлөрүнүн участогунда курулган. Борбор калаабыздын келечектеги өнүгүүсүн эске алсак, кийинки жылдары кубаттуулуктун дефицити жогорулап, 40 мегаваттка (МВт) жакын кубаттуулукту түзмөкчү. Кубаттуулуктун жетишсиздигин шаардын борбор бөлүгүнө жаңы кубаттуулукту киргизүү эсебинен чечүү мүмкүн. Ошондуктан, ар биринин кубаттуулугу 40 мегавольт-амперди түзгөн эки күч трансформаторлуу жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордонунун курулушу борбор калаабыздын ортосундагы жайгашкан 35 кВ көмөкчордондорунун жүктөмүнүн азайышын камсыздай алат. Муну менен башка жогорку вольттогу көмөкчордондордун жүктөмүн бөлуштүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Баса белгилей кетчү нерсе, «Бишкек» көмөкчордонунун ишке киргизилиши менен 40 МВт чейинки жалпы кубаттуулукту түзгөн кайра киргизилип жаткан объектилер электр тармактарга кошула алат. Андан соң бара-бара  6 кВ чыңалуудагы тармактарды 10 кВ которууну мерчемдеп жатабыз. Бошогон 35 кВ күч трансформаторлорун борбордогу жаңы конуштарынын, кичирайондорунун бөлүштүрүү тармактарынын мындан аркы өнүгүүсүнө колдонууну божомолдоодо. «Бишкек» көмөкчордонун ишке киргизүү 2018-жылдын октябрь айына мерчемделүүдө.

-Электр энергия керектөөчүлөрүнүн көбүн кызыктырган суроо: кандайдыр бир шарттардын кесепетинен эмгиче үч фазалык киргиге уруксаты жокторго уруксат берилеби?

Электр энергия менен камсыздоого техникалык шартты берүүнүн негизги талабы болуп,  болжолдуу кошулуу аймагында электр энергиясынын бош кубаттуулугунун болушу керек. Ошондой эле, берилген шартка ылайык бизге керектелген кубаттуулукту көзөмөлгө алганга мүмкүнчүлүк түзгөн, ЭКЭАМЧАС эсептегичи керектөөчүдө булушу абзел. Бул жабдууну сакталышын камсыздоо үчүн өтө маанилүү.

Учурда электр тармактардын өткөрүмдүлүгү төмөн болгондуктан кээ бир мезгилдерде жана кээ бир райондордо электр энергияны баардык абоненттерге чектөөсүз толук бөлүштүрүп жеткирип бере албай жатабыз. «Северэлектро» боюнча электр энергиясын керектөө болгон кубаттуулукка каралган нормативдик көрсөткүчтөрдөн көп учурда аша чаап кетүүдө. Электр энергияны иштеп чыгаруудагы, электр тармактардын өткөрүмдүлүгүнүн жана электр энергиянын керектөөсүндөгү дисбаланс авариялык өчурүүлөрдүн кесин көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Демек, бардыгын ар дайым сапаттуу электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздаш үчүн энергетиканы, электр камсыздоонун схемалары менен калк конуштардын башкы пландарын өркүндөтүшүбүз керек, ал эми жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары биз менен биргеликте инфраструктураны өнүктүрүүсү абзел.

-Керектелген электр энергияга төлөм жүргүзүү боюнча иштер кандай жүрүүдө?

 “Северэлектро” ААКда электр энергиянын эсебин так жана туура алууга, жоготууларды төмөндөтүүгө жана төлөм чогултууну жогорулатууга багытталган иш-чаралардын комплекси ишке ашууда. Жоготууларды төмөндотүү жана электр энергиянын эсебин алуу системасын мыктылоо максатында 2018-жылдын башынан тарта биз Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында 10 миңден ашуун эсеп приборлорун алмаштырдык. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жылдан-жылга керектөөчүлөрдүн төлөм жүргүзүү тартиби жакшырууда. 2018-жылдын сегиз айынын ичинде биз 5,42 млрд. сом чогулттук. “Айыл-чарба керектөөчүлөрүнөн” (99,5%) жана “өндүрүштүк объектилеринен” (99,5 %) сырткары бардык категорияларда төлөм чогултуу 100% жогору ишке ашырылды.

-Кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө?

Биз кардарга багытталган мамилени коомдун ишмердүүлүгүнө жайылтуу жана сапаттуу тейлөөнү стратегиялык өнүгүүнүн артыкчылыктарына киргизүү үстүндө иштеп жатабыз. “Северэлектро” ААК төлөө терминалынан электр энергияга жургүзүлгөн эсеп тууралуу билдирме ошол замат “Северэлектро” ААКнын маалымат базасына келиш үчүн төлөмдөрдү учурдагы убакыт режиминде кабыл алуу  долбоорун ишке киргизди. Мурдарак, жүргүзгөн төлөмү тууралуу билдирме “Северэлектро” ААКнын маалымат базасына бир канча убакыт өткөн соң түшүсү абонентке да, компанияга да ыңгайсыздыктарды жаратчы. Жыйынтыкта, керектөөчү мөөнөтүнөн өткөн төлөмдөр жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат түшмөйүнчө электр энергиясыз калчуу.

Жакынкы арада “Северэлектро” ААК бардык жердеги төлөм системалар сегментинде этаптуу “on-line” төлөмдөрдү киргизүүнү мерчемдеп жатат. Бул маселе боюнча биз Кыргызстандагы төлөм система сегментинде көрсөтүлгөн бардык компаниялар менен иштешебиз. Учурда «Мобильник» «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөө терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI»  электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы»  МИ, «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн  электр энергия эсептеринен жургүзүлгөн төлөм тууралуу билдирме “Северэлектро” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эми “Северэлектро” ААКнын күнү-түнү иштеген (1209

0772 001209

0702 001209

0556 001209 )

номурундагы колл-борбору Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сокулук жана Аламудун райондорундагы керектөөчүлөрүн телефон аркылуу тейлеп жана алардан түшкөн суроолоруна оперативдүү жооп кайтарышат. Ошондой эле, жогоруда аталган райондордун абоненттери өздөрүнүн кайрылууларын, нааразычылыктарын 0772 00 12 09 номурундагы WhatsApp уюлдук тиркемеси аркылуу билдире алышат.

2017-жылдын сентябрь айынын биринчи күндөрүнөн тарта Бишкек шаарынын 250 миңден ашуун абоненттерине Тоголок Молдо, №70А дарегинде жайгашкан “Северэлектро” ААКнын Тейлөө борбору кызмат көрсөтүүдө. Күнүнө борборго электр энергияны эсепке алуу приборун орнотуу/алмаштыруу жана аны мыйзамдаштыруу, объектти техникалык жактан текшерүү, өздүк эсебин (турмуш-тиричилик абоненттери) башкага каттоо, эсеп-дүмүрчөктөрдү оңдоо, турмуш-тиричилик эмес абоненттердин электр камсыздоого келишим түзүү/кайра жаңыдан түзүү максатында орточо эсеп менен 800гө жакын абоненттер табыштамалары менен кайрылышат.

2018-жылдын июль айынан тарта  “Северэлектро” ААКнын Тейлөө борбору Талас шаарынын абоненттерине да кызмат көрсөтүп баштады.  Жакынкы арада мындай борборду Чүй облусунун Токмок шаарына ачууну пландаштырып жатабыз. 

Печатная версия

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Пресса о нас

   — Обещают будто бы проложить новые кабельные линии взамен изношенных. Ради этого можно какое–то время потерпеть дорожные неудобства, — поделилась старожил Бишкека 79–летняя Нина Семеновна. 

Уникальный технический проект на распределительных сетях, впервые внедренный в ОАО “Северэлектро”, открывает невиданные перспективы для более эффективного обслуживания потребителей электроэнергии Кыргызстана.