Инфографика

   
d1-1 d2-1

Башкы бет

2017-жылдын сегиз айынын ичинде “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 5,2 млрд. сом чогултулду...

2017-жылдын сегиз айынын ичинде “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 3,8 млрд. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2016-жылдын ушул эле мезгилине  салыштырмалуу 400 млн. кВт.саатка көбүрөөк.

Luz“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 4,9 млрд. сомду түзүп, анын 5,2 млрд. сому (106 %) чогултулган.

Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 12,5 % түздү, бул 2016-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 0,2 % аз.

Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 112,3 %,

өндүрүштүк объектилер – 101,8 %,

бюджеттик уюмдар – 102,2 % 

айыл чарба объектилер – 95,9 %,

жана башка керектөөчүлөр – 98,7 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген  аймактарда төлөм чогултуу сегиз ай боюнча төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу 103 %

Чүй облусунда – 108,4 %

Талас облусунда – 112,4 % 

 

 

27-сентябрда Бишкек шаарындагы электр тармактарынын профилактикалык иштери боюнча участоктордун тизмеги (оңдоо иштерине байланыштуу электр энергия үзгүлтүкө учурашы ыктымал)…

Райондук электр тармактары

Участок

Саат

Себеби

тарта

чейин

Чыгыш

Красный строитель шаарчасы, Суюнбаев, Жуковский, Куренкеев көч., Орто-Сай а. (Иманалиев, Подгорная көч.)

09:00

 

18:00

 

өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен №№ 3412, 630, 2420, 3649 ТКЧ тараган 0,4 кВ аба чубалгыларын монтаждоо

Дордой конушу

“Карагачевая” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба чубалгысынын коргоо зонасын бутактардан тазалоо

Усенбаев көч.тарта Ибраимов көч. чейинки Куренкеев көчөсүндө

“Центральная-6” көмөкчордонунан тараган 6 кВ аба чубалгысынын тирөөчүн жылдыруу

Батыш      

Ташкентская, Профессор Зима, Коенкозов, Тоголок Молдо, Исанов көч., Жибек Жолу чоң көч.

09:30

 

18:00

№ 2000 ТКЧдан тараган 0,4 кВ аба чубалгысынын тирөөчүн алмаштыруу

Арча-Бешик конушу (Шабдан, Арча, Садыбакасов, Ак-Кайын, Арча-Бешик көч.)

13:00

18:00

 

өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен №1596 ТКЧ тараган 0,4 кВ аба чубалгыларын монтаждоо

Орозов, Джамгерчинов, Обская, Кайназарова, Патрис Лумумба көч., Гатчинский тар көч.

09:00

 

12:00

өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен №302 ТКЧ тараган 0,4 кВ аба чубалгыларын монтаждоо

Чуй чоң көч.№ 172

09:00

17:00

№172 ТКЧ жабдуулары оңдолот

 

27-сентябрда Чүй облусундагы электр тармактарынын профилактикалык иштери боюнча участоктордун тизмеги (оңдоо иштерине байланыштуу электр энергия үзгүлтүкө учурашы ыктымал)...

Толугу менен...

 

Чүй облусундагы Кемин районунда жайгашкан II-кезектеги 35/6 кВ “Перевал- База” көмөкчордону ишке киргизилди

“Түндүк электр” ААК Кемин районуна караштуу Кемин шаарында жайгашкан жогорку вольттогу 35/6 кВ “Перевал- База” көмөкчордонунуна кубаттуулугу 6300 кВА болгон күч трансформаторун орнотуу иштерин аяктады.

IMG 3915Бул көмөкчордон Кемин шаарынын түштүк бөлүгүн (өндүрүш зонасын) камсыздайт. Көмөкчордондо турган 5 600 кВА кубаттуулуктагы күч трансформатор 1962-жылы чыгарылган. Экинчи кошумча трансформатордун орнотулушу анын жүктөмүн азайтышына алып келет. Эми энергетиктерге керектөөчүлөрдү өчүрбөй оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду, ал эми авариялык режимдерде экинчи булагына кошууга шарт түзүлдү. Экинчи күч трансформаторду орнотуу менен “Перевал- База”көмөкчордонунда 12 ячейкалуу сыртка ыңгайланыштырылган 6 кВ комплектүү бөлүштүрүү түзүлүштүн монтаждоо иштери соңуна чыкты.

Монтаждоо жана жөнгө салуу иштери менен жогорку чыңалуу кызматынын; диспетчердик жана технологиялык жабдууларды башкаруу; релелик коргоо жана автоматика; өлчөө, чыналуудан коргоо жана сактоо; метрология өндүрүш кызматтарынын адистери алек болушту. 

22-сентябрдан тарта орнотулган күч трансформатор 72 саат бою кур талаа режиминде  иштетилди. Үч сутка ичинде ар бир эки саат сайын “Түндүк электр” ААК адистери трансформатордун иштөө көрсөткүчтөрүн алып жатышты. Учурда орнотулган жабдуу “Түндүк электр” ААКнын Кемин райондук электр тармактарынын оперативдүү башкаруусуна кабыл алынды.

pereval-baza

 

«Түндүк электр» ААКда оңдоо иш-чаралары соңуна келүүдө...

2017-жылдын 8 айынын ичинде «Түндүк электр» ААКнын электр энергия жабдууларын оңдоо иштери 140,4 млн. сомго же 144% аткарылган. Чүй, Талас жана Бишкек шаарынын райондук электр тармактарында:

35 кВ чыңалуусундагы 168 чакырымга жакын жогорку вольттуу аба чубалгылары,

10/6-0,4 кВ чыңалуусундагы 1589 чакырым аба чубалгылары

35/6-10 кВ чыңалуусундагы 33 жогорку вольттуу трансформатордук көмөкчордон,

10/6-0,4 кВ чыңалуусундагы 1050 трансформатордук көмөкчордон,

10/6-0,4 кВ чыңалуусундагы 103 чакырым кабель чубалгылары оңдолгон. 

Жоготууларды төмөндөтүү жана керектөөчүлөрдүн электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн «Түндүк электр» ААК боюнча 1321 чакырымдан ашуун 0,4-6-10 кВ аба электр чубалгыларынын бойлорун тал-теректердин бутактарынан тазаланып, кыркылган;

0,4-6-10 кВ чыңалуусундагы зымдардын 71 чакырымга жакыны өткөрумдүлүгү чоңуна алмаштырылган;

53 ашыкча жүктөм жана 6 аз жүктөм менен иштеген майлуу трансформаторлор алмаштырылган.

IMG 7139.1Быйылкы жылдын сегиз айына болгон капиталдык салымдын көлөмү 266,2 млн.сомду түздү. Ал каражатка “Түндүк электр” ААК боюнча 38 кошумча трансформатордук көмөкчордондор орнотулуп, 0,4-10 кВ чыңалуусундагы 21,9 чакырым кабель жана 74,7 чакырым аба чубалгылары  реконструкцияланып, 17 921 эсепке алуу приборлору алмаштырылган. Борбор калаабызда жыл башынан тарта 51 чакырымдан ашуун 0,4 кВ аба чубалгылары өзүн өзү изоляциялаган зымдарга (СИП) алмаштырылган.

Аткарылган жумуштардын жыйынтыгында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарындагы авариялар 2016-жылга салыштырмалуу 13 % төмөндөгөн. Жалпы жоготуулардын көлөмү 12,51 % түздү.

“Түндүк электр” ААК эскертет, оңдоо иштери жүргүзүлгөн маалда керектөөчүлөрдүн электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Оңдоо иштеринин графиги алдына ала жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарына жөнөтүлүүдө.  

Электр энергиянын пландаштырылган өчүрүүлөрү бөлүштүрүү компаниянын severelectro.kg сайтында, социалдык тармактарындагы баракчасында www.facebook.com/ОАО-Северэлектро, Sputnik.kg, knews.kg, 24.kg маалымат агенттиктеринин сайттарында жана diesel.elcat.kg шаардык интернет-форумунда  («Организации» → «Северэлектро» → «Новости» рубрикасында) чыгарылат.  Ошондой эле, электр энергиянын пландаштырылган өчүрүүлөрү тууралуу маалыматты  КТРК Биринчи радиосунун (104,1) жана  «Марал» радиосунун (88,5) жаңылыктар бөлүгүнөн уга аласыздар.

 

 

26-сентябрда Бишкек шаарындагы электр тармактарынын профилактикалык иштери боюнча участоктордун тизмеги (оңдоо иштерине байланыштуу электр энергия үзгүлтүкө учурашы ыктымал)…

Толугу менен...

 

collcent


Калькулятор
Дата с:
по:
кВтч:
Баланс абонента

Л/С:

edokno

profail2

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Шериктештер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сүрөт
img_3181.jpg
< Аяк оона 2017 >
Д Б Ш Ш Ж И Ж
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
Пайдалуу шилтемелер
Баннер